Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрсөтүүгө чакырды. Маалым болгондой, Акыйкатчыга бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген 15 жашар кыздын өкүлү кайрылган.
Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат таратып, тийиштүү кызмтакерлер Ош шаарынын жашы жете элек тургунун бир топ балдар менен кыздар Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып, эч себепсиз ага физикалык күч колдонуп сабашып, бир нече күндөн бери белгисиз даректе кармашкандыгы боюнча ыкчам маалымат алышканы кабарланды.
«23-август күнү жогорудагы окуя Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Жашы жете элек М.М. социалдык коргоо кызматынын катышуусунда күбө катарында суракка алынып, өзүнүн көрсөтмөсүн берген. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жабырлануучу М.М.га соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. Мындан аркы жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучуну ур-токмокко алууга катыштыгы бар 2003-жылы туулган Э. Б. жана Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип жаткан 1997-жылы туулган У. Х. такталып, тергөө кызматына жеткирилген», — деп билдирет ИИМ.
Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандардын дагы өздүгү аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Кошумчалангандай, далил катары видеолор алынган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат жана коомчулукка кошумча маалымат берилет.