• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

16 унаа, 18 жер тилке. Абдраимов жакындарына тиешелүү мүлктөр тууралуу эмне дейт?

21 Аяк оона 2021 12:37 Бишкек Govori.TV

Менин ушунча мүлкүм барбы деп өзүм таң калдым. Бул тууралуу Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

«Ооба, менин 3 уулум бар — 31-34 жана 39 жашта. Алар элита үйлөрдө эмес, кадимки эле батирлерде жашайт. Кымбат унаа эмес, эски эле унааларды айдашат. Жер тилкесин жер реформасы жүргөн 1990-жылдары алганбыз. Жубайымдын Көк-Жарда батири жана кичинекей үйү бар, аны биз 1995-жылы сатып алганбыз. Ал эми менин конок үйүм жана мал сарайым бар (2005-жылдан бери). Азыр мен Ысык-Ата курортунда реабилитациялык борбор куруп жатам, инвесторлор бар жана 400 миң доллар насыя алгам. Документалдуу далилдер бар. Мен өмүр бою бизнес менен алектенип келем. Ал тургай Кытайга, Иранга, Түркияга барып сатып жүргөм. Ооба, менин Ивановка айылындагы «Кайнар» ЖАКта акцияларым бар. Мен аны 2000-жылдары Россияга жана АКШга туруктуу жашоого кеткен досторумдан дээрлик бекер алгам. Бул тууралуу Ивановка айылынын тургундары билишет. Анан да, 2000-жылдан бери 20 жылдын жарымын бизнесте, жарымын мамлекеттик кызматта өткөрдүм. Мен кыймылсыз мүлктү, автоунааларды, жер үлүштөрүн сатып алып, кайра саткам. Мунун баары УКМКнын маалыматында менин мүлкүм катары көрсөтүлгөн», — деп билдирди Абдраимов.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү, саясатчы Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталганын 20-сентябрда кабарлаган. Мекеме тараткан маалыматта Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы айтылат.

Количество просмотров: 306