• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Апта: Баш оору болгон Батукаев. Кезекте ким?

7 Кулжа 2019 20:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.

Бул жумада экс-башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу  камака алынды. Анын баш коргоочарасын кароо жабык өттү. Аида Салянованын тарапташтары анын  №1 тергөө абагына камалышын ага карата басым деп баалашууда.

Ал эми, Президент аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен УКМКнын убактылуу кармоо жайына бир айга киргизилди. Ал сот залынан чыгып келе жатканда журналисттер суроолорду берип, жооп алууга аракет кылышты. Бирок Арабаев эч кандай түшүндүрмө берген жок. Бирок соттун имаранын ичинде отурган кишилер «Наалат!» деп кыйкырып, бирөөсү ийин тарапка чапса, экинчиси колундагы сумкасы менен башка чапты.

Бул жуманын дагы бир кызыгы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов журналистке: «Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, жагымсыз экен»,- деп басып кетип, анысы аз келгенсип тобу менен барган  журналисттерди кабыл албай жыйын куруп  алганы болду.

Ал эми депутат Искендер Матраимов түз эфирде “Баарын айтам”-деп жыйынтыгында эч нерсе айтылбагандай. Бирок баарын тизмектеген кайрылуусун парламенттин расмий сайты жайгаштырды.

Количество просмотров: 54