• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК Туйгунаалы Абдраимовдун байлыгын ачыкка чыгарды (сүрөт)

20 Аяк оона 2021 19:18 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөө учурунда аталган А.Т.Д. жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөндүгү, легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына каттаган.

«А.Т.Д. жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 авто унаа жана «Ысык-Ата» курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган»,-деп айтылат маалыматта.

КР УКМК чогулткан материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктту (мыйзамсыз баюу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталып, бул иштин алкагында кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 8537