17-сентябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,
Нарын жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,
Талас облусунда 5…10, күндүз 18…23,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 11…13 градус, күндүз 23…25 градус болот.