• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

17 унаа алтын концентраты Кытайга чыкканы тууралуу маалыматка Жапаров жооп берди

13 Тогуздун айы 2021 18:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-октябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жаңы курамынын ант берүүсүнөн соң сөз сүйлөп, депутаттарга кайрылып, трибунада айткан ар бир маалыматтын тактап сүйлөөгө чакырды.

«Урматтуу депутаттар, трибунага чыгып алып сөз сүйлөөр алдында адегенде ошол маселенин чын-төгүнүн тактап алгыла. Анткени силер депутатсыңар, силердин сөздү эл олуттуу кабыл алат. Мен Кытайга алтын концентраты чыгып кетти деген депутат боюнча айтып жатам. 17 жүк ташуучу унаа менен алтын концентраты Кытайга чыгып кетти деп маалымат берип, элди дүрбөттү. Мындай концентрат кечээ эле чыгып кеткен жок, 20 жылдан бери мыйзам чегинде чыгып келе жатат. Андан 3,5-4 миллиард сомго чейин салык түшүп жатат, бирок бул каражат бизди багат дегенден алыспыз. Биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз, же салыгын көтөрөбүз же башка пайдалуу жагын карайбыз», — деди Жапаров.

Эске салсак, сентябрь айында депутат Аккулу Бердиев «Жүк ташуучу 17 унаага жүктөлгөн аткезчилик алтын концентратын кытайлар чыгарып кетишиптир. Кимдер күнөөлүү?» деген суроо салган болчу.

Количество просмотров: 2110