• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

18:00гө карата шайлоочулардын 45,26 пайызы добуш берди

4 Тогуздун айы 202019:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо саат 18:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 594 миң 802 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, саат 18:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 45,26%ын түзөт.

«Бишкек 223 миң 119 шайлоочу, Ош шаарында — 101 миң 271, Жалал-Абад облусунда — 303 миң 450, Ысык-Көл облусунда — 117 миң 450, Нарын облусунда — 79 миң 939, Ош облусунда — 317 миң 927, Баткен облусунда — 115 миң 358, Талас облусунда — 69 миң 263, Чүй облусунда 260 миң 471 шайлоочу добуш беришти», — деди ал.

Ал эми чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирген 32 миң 602 шайлоочунун 6 миң 554ү добуш берген.

Жалпы шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Количество просмотров: 73