Эртең, 18-декабрда жалпы өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 суук, күндүз 2…7 жылуу.
Талас аймагында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7 жылуу болот.
Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10 жылуу.
Ысык-Көд облусунда түнкүсүн сууктун күчү-4…-9, күндүз -2ден +3кө чейин.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндуз -4…-9 суук.
Нарындын бийик тоолуу райондорунда сууктун күчү -21…-26 болсо, күндүз -4…-9 болот.
Бишкекте түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз 5…7° жылуу.