• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

18 жаштагы кыз дээрлик жарым миллион сомдук бриллиант уурдоого шектелүүдө

8 Чын куран 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 5-апрелде жаран А.С. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде түнкү саат 00:50 чамасында Рыскулов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 90 миң сомдук «Самсунг» уюлдук телефонун, 210 миң сомдук накталай акчасын жана 404 миң 890 сомдук якут бриллианттарын уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен кылмыш иши козголгон.

Ошентип, издөө-иликтөө иштеринин натыйжасында 2005-жылы туулган К.Э. кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 3351