• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

195 кыргызстандык Кытай жарандары менен никеге турган

28 Бирдин айы 2018 18:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.02.2018.Govori.TV.
Соңку 17 жылда 195 кыргызстандык Кытай жарандары менен никеге турган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
«Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин расмий маалыматы боюнча 2000-2017-жылы Кыргызстанда Кытай жарандары менен никеге тургандардын саны 195ти түзөт. Ал эми Бакыт үйүнөн 112 түгөй нике күбөлүгүн алган. Ош шаары менен облуста 16, Жалал-Абадда 4, Чүйдө 21, Ысык-Көлдө 3 жана Нарында 1 түгөй катталган», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле 11 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Анын баарын ата-эне Бишкектен алган.

 

Количество просмотров: 30