• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Курсан Асанов 2 айга камакка алынды

28 Үчтүн айы 2021 18:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы каралды.

Соттун чечими менен ал эки ай камакта калганын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Жактоочунун маалыматына караганда, Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча кылмыш иши козголду.

«Биринчи май райондук сотунун токтомуна ылайык, Курсан Асановдун бөгөт коюу чарасы каралып, март айына чейин камакта калтырылды», — деди ал.

Курсан Асанов 2020-жылдын 7-октябрында Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болгон. 

9-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши ачылып, анын алкагында Курсан Асанов кармалган. Кийин үй камагына чыккан.

Курсан Асанов мурун Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган, ал кызматтан 2019-жылы кеткен.

Количество просмотров: 163