• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Октябрь окуялары боюнча Курсан Асанов күнөөсүз деп табылды

28 Кулжа 2022 18:38 Бишкек Govori.TV

 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов күнөөсүз деп табылды. Мындай чечимди бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Соттун өкүмү менен бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан Курсан Асанов кылмыштын курамы жоктуганан улам акталып, күнөсүз деп табылды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Асановду 9 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Эске салсак, 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагымбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген. 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган болчу.

Количество просмотров: 927