• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«3-4 адамды камоо менен Кыргызстандын тагдыры чечилбейт». Асанов сотто жалындуу сүйлөдү

4 Чын куран 2022 14:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын Октябрь окуялары боюнча отурум ачык өттү. Жараянга камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди. 

Ошондой эле процесске «Замандаш» партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматов, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев, «Социал-Демократтар» партиясынын лидерлеринин бири Темирлан Султанбеков жана Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдор катышты.

Курсан Асановдун айтымында, Октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш иши токулган жомок.

«Урматтуу соттук отурумга төрагалык кылуучу! Октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин ачып окуп көрсөңүз токулган жомок. Бүгүнкү бийликке чындыкты жеткирүү үчүн кайсы гана судья болбосун 105 томду артка кайтарып, акыйкат тергөө болушу зарыл. Себеби 3-4 адамды камоо менен Кыргызстандын тагдыры чечилбейт. Бул жерде кимдер отуруш керек? Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевдер отурушу керек эле. Бүгүнкү күндө Кашкар Жунушалиев каякта? Жок, таба албай жатышат. Чындык менен акыйкат болуш керек да. Эмне үчүн аларды сотко алып келишпейт? Бирок чындык чыгат. Урматтуу айыптоочулар, мен Курманкул Зулушевди өтө сыйлам. Бирок сиздер айтып барыңыздар, 105 томдун 5ин эле окусун. Ал жерде чындык жазылган. Кызматкерлер ким басып алып, ким министр болом дегендерин айтып жатат. Өмүрүмдө бул баланы (Темирлан Султанбеков-ред.) көргөн эмесмин, менин уулум менен тең. Ак үйдү басып алды деп ушуга кошуп коюшуптур. Ооба, мен жүргөм. Ошондо 14 партиянын лидерин көргөм. Баары менин берген көргөзмөмдө бар. Сизден башка судья келсе деле ушул көрүнүш болот. Менимче азыркы мамлекет башчысы бул ишти окуган жок. Ишти Ички иштер министрлиги тергегенде чыныгы жомокту токуган. Өздөрү дагы кылмыш ишинде эмне бар экенин билбейт»,-деди Асанов.

2020-жылы 5-6-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Кийин Султанбеков менен Асанов үй камагына чыгарылып, калгандары камакта калган. Асанов 14-сентябрда кайра кармалып, №50 тергөө абагына камалып, кийин бошотулган.

Количество просмотров: 6402