• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жактоочулар Асановдун иши боюнча экс-министр Жунушалиевге издөө жарыялоону талап кылышты

8 Бирдин айы 2022 16:48 Бишкек Govori.TV

Иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишиндеги күбө изделүүдө. Сотто прокурорлор мурдагы Ички иштер министрин таппай жатканын, анын дареги белгисиз болгондуктан ага сот отуруму тууралуу маалымат бере албай жатышканын айтышууда. Бул тууралуу жактоочу Таалайгуль Токтакунова билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соту уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө күбөлөр, экс-депутат Мурадыл Мадеминов, өкмөттүк аппараттын чек араны делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн экс-жетекчиси Курбанбай Искандаров жана депутат Дастан Бекешев келбей калганы белгилүү болду.

Сотто мамлекеттик айыптоочулар күбөлөрдү мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтиришти.

«Күбө Искандаров сотко келиши керектиги тууралуу эскертүү алып, эки жолу келип, кийин соттук отурумдар жылдырылып калганына байланыштуу келе албай калган. Азыр байланышка чакпай, дарегинен да таппай жатышат. Мурадыл Мадеминов менен Дастан Бекешевге чакыруу кагазын берүүнү суранабыз», — деди прокурор.

Эске салсак, Курсан Асанов 2019-жылдын 13-августунда кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы жана ишенимди жоготкондугу үчүн ээлеген кызматынан бошотулган. Кийинчерээк Аскердик прокуратурасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 276