• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

2 адамдын өмүрүн алган Ысык-Көлдөгү кырсык. Жапаров коопсуздукту камсыздоону күчөтүүнү тапшырды

25 Теке 2023 17:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Президент Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды», — деп жазган өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Султанбаев.

Эскерте кетсек, 23 июлда Чолпон-Ата шаарында баллон теплоходго урунуп, эки адам көз жумуп, бирөө жаракат алган.

Количество просмотров: 125