Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
• Бишкек ш. – 1
• Жалал-Абад облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 226 учур катталды, алардын ичинен 163 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.