• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

2 жашар бала ур-токмоктон каза болду. Шектүү катары энеси кармалды

3 Тогуздун айы 2023 18:18 Бишкек Govori.TV

 Аламүдүн районунда эки жашар баланын өлүмүнө шек саналып анын энеси жана анын жарандык жолдошу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык. 28-сентябрда Аламүдүн райондук милициясына 2021-жылы туулган С.А. аттуу бала белгисиз себептер менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя орун алган Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы конушуна ыкчам-тергөө тобу барган учурда, 2021-жылы туулган С.А. аттуу баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көк-алалары менен табылган.

Факт Аламүдүн РИИБине катталып, КР КЖКнин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, каза болгон баланын денесине ар кандай оор жаракаттар келтирилгени, боору жарылганы, денесинде күйүктөр аныкталган. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, баланын энеси, 23 жаштагы К.А. жана анын жарандык жолдошу, 27 жаштагы М.А.А. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген2,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 352