• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

2 жашар кызын сабаган келин үй камагына чыкты

1 Жалган куран 2023 15:28 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районунда эки жашар кызын сабаган келин үй камагына чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келиндин иши Кадамжай райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, быйыл январь айынын аягында социалдык тармактарда кичинекей кызын сабап жаткан аялдын видеосу тараган. Аталган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон. Милиция тарабынан кылмыш иши козголуп, ал 1 айга камакка алынган.

Количество просмотров: 201