• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

«20:0 менин пайдама». Бекназаров бийликке жолдогон каттары тууралуу…

8 Аяк оона 202212:20 Бишкек Govori.TV


Баш аягы элчилик кызматта турганда президенттен баштап, өкмөт башчыга баш аягы 20 кат жөнөттүм. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда коомдук ишмер, мурдагы элчи Азимбек Бекназаров билдирди.

«Президент футбол ойногонду жакшы көрөт эмеспи, футболдогу эсеп менен алып карасак 20:0. Мен 20 сунуш бердим, алар мага бир дагы тапшырма берген жок. 20:0 менин пайдама»,-деди ал.

Эске салсак, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 5-августта кызматынан бошотулган. Президенттик администрация ал коюлган милдеттерди аткара албаганы үчүн иштен алынганын жарыялаган. Бекназаров эки күн мурун бийликтин Кумтөр боюнча чечимин кескин сындап чыккан эле.

Количество просмотров: 274