Кыз ала качууга шектелип 1998-жылы төрөлгөн жигит кармалды.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 23-сентябрда түнкү саат 03:00 чамасында Ак-Ордо-3 конушунда болгон. Белгисиз жигиттер 2001-жылы төрөлгөн кызды «Ауди» автоунаасы менен алып кетишкен.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери «Перехват» планын жарыялап, эртең мененки саат 06:30 чамасында Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугуну камсыздаган кызматкерлери изделип жаткан унааны «Сосновка» постунан байкашкан. «Ауди» унаасын текшергенде анын ичиндеги жаш кызды жаш жигит Токтогул районуна алып бара жатканы белгилүү болгон.