• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

20 жаштагы жаран милиционерлер тарабынан кыйноого кабылганын айтты

4 Чын куран 2023 17:54 Бишкек Govori.TV

Убактылуу кармоочу жайдагы 20 жаштагы жаран милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жана ырайымсыз мамилеге дуушар болгонун айтты. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлерине 2003-жылы туулган жарандан Өзгөрүш айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана аймактык тескөөчүсү тарабынан кыйноого кабылганы тууралуу маалымат түшкөн.

«Арыз ээсинин кароо учурунда мойнунда, көкүрөгүндө жана колдорунда көгала тактар бар экени аныкталган. 20 жаштагы жаран милиция кызматкерлери аны чыканактары менен көкүрөгүнө уруп, колу менен муунтуп, натыйжада ал бир нече жолу эсин жоготконун айткан. Мындан тышкары, аны дубинка менен зордуктайм деп коркутушкан. Кыйноонун максаты арыздануучу өзү жасабаганын айткан бир нече кылмышты мойнуна алуу экени белгилүү болгон»,-деп жазылат маалыматта.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору кыйноо фактысын каттап, бардык маалыматтарды прокуратурага өткөрүп берди.

Количество просмотров: 342