• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

2010-жылы аскер кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн шектүү кармалды

17 Баш оона 2023 19:51 Бишкек Govori.TV

2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жана издөөдө жүргөн КР жараны Х.Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-августта издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «Х.Д.А.» чет мамлекеттин аймагында кармалганын билдирет. Кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-Тергөө камак жайына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Количество просмотров: 200