• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Токтогулда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

23 Аяк оона 2023 9:34 Бишкек Govori.TV

Токтогул районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 21-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында билдирүү түшкөн.

Аталган факт Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуяга шектүү катары 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 10 жылдан бери жабырлануучу кыз жашаган үйдүн үй жумуштарына жардам берип жашап жүргөн.

Количество просмотров: 294