Жалал-Абад милициясы чөнтөк уурулукка шектүүнү кармады. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад ШИИБге 30 жаштагы кыз арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 31-январь күнү саат 14:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында белгисиз кылмышкер “Самсунг А23” үлгүсүндөгү телефонун чөнтөгүнөн байкатпастан уурдап кеткендигин билдирген.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад облусунун аймагында 2024-жылдын 22-январынан 22-февралга чейинки аралыкта жүрүп жаткан “Чөнтөк уурулукка жол жок” операциясынын алкагында жогорудагы кылмыш ишинин бети ачылган.
Кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1984-жылы туулган М.Д. Бишкек шаарынан кармалып, Жалал Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын баш коргоо чарасы бүгүн 10-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү жаран Жалал-Абад шаарында чөнтөк уурулук менен алектенип, бир нече телефондорду уурдап жүргөндүгү аныкталган. Буга чейин уурулук беренеси менен сот жообуна тартылгандыгы дагы белгилүү болгон.
Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.