Чүйдүн Кара-Балта шаарындагы темир жолдун боюнан эркек кишинин жиликтенген сөөгү табылды.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш ищши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жайыл райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерден белгисиз адамдын сөөгүнүн бөлүктөрү жана кийимдери табылганын билдирди.
«Маркумдун өздүгү такталды, ал 4-январдан бери дайынсыз жоголуп издөөгө алынган Жайыл районунун 45 жаштагы тургуну Д.Э. экени аныкталды. Мындан тышкары бул кылмышка шектүүнүн да тек-жайы такталып, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Жайыл районунун тургуну 34 жаштагы С.А. кармалды»-, деп жазылган маалыматта.
Кошумчалангандай, 2-январь күнү Д.Э. жана С.А. чогуу спирт ичимдигин ичип, чыр чыккан. Ал мушташка айланган. Д.Э. каза болуп калган. 4-январь күнү С.А. маркумдун сөөгүн жиликтеп, Кара-Балта шаарында темир жолдун боюндагы гараждардын артына ыргытып жиберген.
Тергөө иштери уланып жатат.