• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте унаа айдай качкан кыз кармалды

7 Чын куран 202417:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте унаа айдап качууга шектелген 2001-жылы туулган О.Ж. аттуу кыз кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-апрель күнү саат 08:45те ЖЭБдин жанында токтоп турган “Тойота Харриер” үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында мас абалында унаа айдап бара жаткан шектүү кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Кыз Свердлов РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 370