• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды

14 Тогуздун айы 2021 14:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети:

— 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;

— 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүк

Количество просмотров: 283