Дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова табылды. Ал Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан, 30-июль күнү Бишкектин Ала-Тоо борбордук аянтында сейилдеп жүргөн жеринен табылды.
Өзүнүн айтымында, ал ата-энеси менен урушуп үйдөн чыгып кеткен.
Ош шаарында жашап жаткан Айтурган Өмүрбекова 5-июль күнү саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ошол бойдон жүргөн жери белгисиз болчу.