• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

21 жаштагы бала өз жанын кыйды

3 Аяк оона 202413:48 Бишкек Govori.TV

Бишкекте муунуп алган баланын сөөгү табылды. Баланы өлүмгө түрткөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

30-августта саат 14:21де милицияга маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндөгү жатакананын жуунучу жайынан 21 жаштагы баланын сөөгү табылган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 25 жаштагы М.А., 28 жаштагы Б.Э. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 454