Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен жабдуу боюнча Канттагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталып, ири финансылык зыян келтирилгени аныкталды. Козголгон кылмыш ишинин жана дайындалган экспертизалардын алкагында тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды көмүскө жүгүртүүгө боюнча туруктуу мыйзамсыз схемалардын бар экендиги тастыкталды.
«Мазутту керектөөнүн тарифтерин көтөрүү, жогорулатылган баада товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, ошондой эле башка укук бузууларга жол берилгендигинин натыйжасында мамлекетке 22,5 миллион сом суммасында зыян келтирген»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын тактоого аныкталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын, ошондой эле бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу каналдарын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетчү нерсе, өткөн айда УКМК тарабынан «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Орлов жылуулук-сууканал ишканасынан да ушундай эле мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке 32,9 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталган.