• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

22-августка карата аба ырайы

21 Баш оона 2020 14:15 Бишкек Govori.TV

Эртең, 22-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+16, күндүз +29…+33;

Таласта түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+29;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+14, күндүз +22…+23;

Нарында түнкүсүн +8…+10, күндүз +22…+24.

Бишкек шаарында түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…+33 градус болот.

Количество просмотров: 186