Бишкек.21.12.2018.Govori.TV.
22-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Кыргыз тоо кыркаларында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,
Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1,
Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6,
Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…+1 градус болот.