Эртең, 22-октябрда тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда күн жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Таластатүнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндуз 11…16 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 19…21 градус жылуу болот.