• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

220 таштанды аянтчасы оңдолду

31 Теке 202311:44 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы таштанды аянтчаларын жууп-тазалоо, контейнерлерди оңдоо, сырдоо, дөңгөлөктөрдү алмаштыруу иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ар бир райондо экиден бригада иштеп жатат. Бир айдын ичинде шаар боюнча 220 таштанды аянтчасы жана 1200дөй контейнер оңдолду.

Таштанды аянтчаларынын толук жараксыз болушу бул таштандыларды башаламан чачууга, айлананын көркүн бузуп, ар кандай жугуштуу ооруларды жугузууга шарт түзөт. Ошондуктан ишкана биринчи кезекте таштанды таштоочу жайлардын тазалыгына жана толук иштешине көңүл бурат.

Количество просмотров: 65