Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2024-жылдын 23-июлунан 26-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарялардагы суунун деңгээли көтөрүшү мүмкүн экенин эскертет. Сел коопсуздугун алдын алчу эрежелдерди эске сактап, арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз. Ошондой эле турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз. Кокус сел жүрүп калса, дароо коопсуз жайга кетиңиз. Мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.