• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Өкмөт «5-каналга» акча бөлүүнү токтоттубу?

30 Жалган куран 2023 14:22 Бишкек Govori.TV

Өкмөт «5-каналга» акча бөлүүнү токтотту. Бул тууралуу аталган каналдын журналисти Жазгүл Мадинова өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Акыры өкмөт ”5-каналды” каржылоону токтотту. Бул дегендик 25 жылдык тарыхы бар чоң телеканалдардын бири жабылууда деген сөз. Эгер каналды жабуу менен мамлекеттин акчасын үнөмдөйбүз деген ой-тилектер болсо жол болсун. Мамлекет байып кетсе биз аны кубануу менен кабыл алабыз. Бирок, тилеке каршы күн-түн маалымат талаасында жүрүп, бал чогулткан аарыдай эмгектенген чыгармачыл жамааттын эмгеги акталбай калганы өкүндүрөт.

Керим Айдаров агайдын “Бешинчиде бешөө”, Азамат Кыязовагайдын “Беш собол” берүүлөрү, күндүн эң актуалдуу темалары чагылдырылган «Жаңылыктар”, “Апта сереп” маалыматтык-аналитикалык программалары, “Учурда”, “Шаардыктар” жана башка маданий, спорттук, таңкы жана кечки берүүлөр эл назарына чыгып турганы жакшы эмес беле. Эми булар тарых»,-деп жазды.

Ал эми Министрлер кабинети бул тууралуу маалыматты тастыктай элек.

Количество просмотров: 42