• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Пирамида» менен «5-каналдын» кызматкерлери айлыктарын толук ала албай жатканын айтышууда

23 Жалган куран 2022 12:21 Бишкек Govori.TV

«Пирамида» менен «5-канал» телеканалдардын кызматкерлери жаңы жылдан бери маяналарын толук ала албай жатканын айтышууда. Бул тууралуу аталган мамлекеттик каналдардын кызматкерлери кабарлашууда.

«Пирамида» телеканалынын кызматкери Турар Анарбеков социалдык тармакта президент Садыр Жапаровго кайрылуу жазды.

Ал эми «Пирамида» холдингинин башчысы Дооронбек Адаханов маяна төлөөдө көйгөй бар экенин, бирок баары анчалык начар эмес экенин билдирген.

«Телеканал КР Мамлекеттик мүлк фондуна баш ийген, бардык жогорку органдар, министрлер кабинетине чейин биздин акча көйгөйлөрүбүздү билишет, бул маселе чечилип жатат», — деди Адаханов.

Адаханов кошумчалагандай, кызматкерлер 2022-жылдын февраль айында иштей башташкан.

Айлык-маяналарын толук ала албай жаткан 5-каналдын жетекчиси Алтынбек Бектуров бул көйгөй жакынкы аралыкта чечилет деген ишеничин билдирди.

«Каржы маселеси өз процедурасы менен кетип атат. Мыйзам чегинде. Буюрса, жакынкы убакытта бул маселе чечилет деген ишеничтебиз. Кайдыгер карап, сыртын салган эч ким жок. Иш Кабминдин көзөмөлүндө турат. Эмгек жамаатка аванс берилип жатат», — деди ал.

Количество просмотров: 117