• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

24-28-февралдарда Кыргызстанда күтүлгөн аба-ырайы

23 Бирдин айы 2020 14:57 Бишкек Govori.TV


24-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-февралда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


25-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 25-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

26-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 26-февралда күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


27-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 27-февралда күндүз жана 28-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

28-февралда күндүз кээ бир райондордо жаан,кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 27-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Количество просмотров: 8479