• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

24.kg маалымат агенттиги 18 жашын белгилеп жатат

2 Жалган куран 2024 21:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 24.kg маалымат агенттигинин туулган күнү. Ал 18 жашын белгилеп жатат.

«Govori.TV» агенттиктин жалпы жамаатын бул маанилүү күн менен куттуктап, ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт.

24.kg маалымат агенттиги 2006-жылы түптөлүп, ушул күнгө чейин өлкөдөгү көз карандысыз медиалардын бири болуп келе жатат.

Учурда маалымат агенттик соттук териштирүүлөрдү башынан өткөрүп жаткан чагы. 24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык.

15-январда УКМКнын кызматкерлери медианын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Агенттик УКМК тергөөчүсүнүн кеңсеге мөөр басышын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, сотко кайрылган. Биринчи Май райондук соту 6-февралда тергөөчүнүн аракеттеринде мыйзамсыз иш жок деп таап, адвокаттын өтүнүчүн четке каккан.

Буга чейин Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес

Количество просмотров: 97