Кыргызстанда 19-августка карата коронавирус дагы 249 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы учурлар:
-Бишкек шаарында 84 адам;
— Ысык-Көл облусунда 26 адам;
— Чүй облусунда 77 адам;
— Баткен облусунда 16 адам;
— Жалал-Абад облусунда 15 адам;
— Талас облусунда 13 адам;
— Ош шаарында 3 адам;
— Ош облусунда 3 адам;
— Нарын облусунда 12 адам катталды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 498 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 744 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 714 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 842 киши айыгып чыкса, 2 миң 468 адам каза болду.