• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

25-декабрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

24 Бештин айы 2018 17:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.12.2018.Govori.TV.

25-декабрда кээ бир райондордо кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6,

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5,

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…+7,

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 2…4 градус болот.

Количество просмотров: 20