• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

25-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

22 Аяк оона 202515:53 Бишкек Govori.TV

Муниципалитеттен билдиришкендей, 25-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек жолу проспектиси, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Анын ичинде Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын бешик, Салам Алик конуштары жана Маевка айылы бар.

Суу «Северный» суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 88