• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

25 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

2 Бирдин айы 202615:35 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда 25 жылдан бери издөөдөн жүргөн жаран Екатеринбургдан кармалып, Кыргызстанга алынып келинди.

Талас облустук милициясынан билдиришкендей, 2000-жылдын 6-декабрында Талас районунун 1972-жылы туулган тургуну К.К.га карата зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 11-декабрында айыпкерге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, издөө жарыяланган.

Кийинчерээк мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аталган кылмыш иши КЖКнын 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кайра квалификацияланган.

Шектүү К.К. 25 жыл бою издөөдө жүргөн. Белгиленгендей, ал 2024-жылдын июнь айында Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарынан кармалган. Тиешелүү экстрадициялоо процедуралары аяктагандан кийин, 2026-жылдын 1-февралында Кыргызстанга алынып келинди.

Учурда шектүү Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.

Теги:
Количество просмотров: 123