• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

26-декабрь. Күндүн ыргагы… Канаттардын канаты кайрылабы? Кар аралашкан жаан, калпак кийген ит

26 Бештин айы 201716:48 Бишкек Govori.TV

Оюндардан от чыкканда

Фашистин кийимин кийип алган КТРКнын алып баруучусунун сүрөтүн УКМК текшере турган болду. Иликтөө иштери бүткөндөн кийин гана сүрөткө юридикалык баа берилет экен. Мындай карасаң күлкү келээрлик эле көрүнүш. КТРКнын кызматкерлери Жаңы-Жылдык майрамда ар бири ар кандай форма кийип алып роль жаратышкан экен. Кашайып Канат Абазбековго фашистин ролу келип калган тура. Аны башкы директор Илим Карыпбеков деле айтып отурат.

Жаңы-Жылдык иш-чарадагы дагы бир чуу жараткан кастюм, кадимки иттин калпак кийип алганы болду. Кечээ Рысбек Жабиров иттин кожоюнун жоопко тартууну, керек болсо камака алууну суранып, Башкы прокурорго кат менен кайрылганы белгилүү болгон. Бирок бүгүн Ак калпак тууралуу эч кандай арыз түшпөгөнүн Башкы Прокуратура маалымдады. Ал эми иттердин модасы өткөн Бишкек Парк борбору кыргыз элинен кечирим сурап, аябай өкүнүп жатканын айтышты.

 

Акчасы да жок, алыска да чыга албайт

“Ата-Мекен” партиясынын юристи Канатбек Азизге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды. Мындан мурда Канатбек Азиздин айлык акысы камака алынган эле. Эгер Канат Азиз Алмазбек Атамбаевге 5 млн сом айып пул төлөсө бул балээнин баарынан кутулмак. Бирок анча акчаны азыр табыш баарына эле кыйын го.

Эскерте кетсек Канат Азиз Дача Суга кулаган учактын ичиндеги товар Атамбаевге тийиштүү деп айтканы үчүн 5 млн сом айыпка жыгылып отурат. Мындан мурда “Ата-Мекен” партиясынын дагы бир юристи Таалайгүл Токтакунованын айлык акысы  камака алынган.

 

Тажиктерден кутулуп, кыргыздарга тутулуп

Интернетке  Чүй облусунун жергиликтүү жаштарынан таяк жеп жаткан Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын видеосу таркады.

Президенттик аппараттын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева видео боюнча Коргоо кеңеши жана милиция менен байланышып, тактоо жүргүзүлгөнүн айтып, эски окуяны кайра жайылткандардын кадамын жагдайды чыңалтуучу аракет катары сыпаттады.

25-декабрда социалдык тармактарга жайылган видеодо топтолушкан беш-алты жигит эки уланды ортого алып, бети-башка койгулап жатышат. Расмий маалыматка ылайык, токмок жегендер Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан Кыргызстанга көчүп келип, Чүй облусунда отурукташкан этникалык кыргыздардын балдары. Ошол жылы милицияга арыз жазылып, тараптар элдешкенден кийин арызды кайра алышкан. Кылмыш иши ачылган эмес.

 

 

Канат Исаев 20 жыл камакта отурушу мүмкүн

Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин сотунда бүгүн жарыш сөз башталды. Алгач сөз алган прокурорлор Канатбек Исаевдин Токмокто мэр болуп турганда мамлекеттик жерди менчикке сатканы боюнча күнөөсү толугу менен далилденгенин айтышты. Прокуратура Исаевдин күнөөлүү экенин сот отурумда көрсөтмө берген күбөлөр да ырастаганын билдирип, судьядан депутатты 20 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

30-сентябрда Канатбек Исаев «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деген шек менен белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Бул эпизод боюнча учурда тергөө уланып жаткандыктан, иш сотко жете элек

 

Жол азабы, көр азабы

Жааган кар аралаш жамгырдан улам жолдор тайгак болуп, Төө-Ашууда унаалардын тыгын башталды. Кечээ Сосновка текшерүү постунан жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бүгүн кечке жуук гана чектөо алынып, автомобиль кыймылдары жөнгө салынды.

Ошентип 26-декабрь дагы өттү.

Количество просмотров: 28