Бишкек.26.03.2018.Govori.TV
26-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кечке маал жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 15…20;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 15…20;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23;
Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 26-мартта күндүз жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 18…20 градус жогору болот.