• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бүгүн 14-февралда кар жаашы күтүлөт деген Кыргызгидромет

14 Бирдин айы 20189:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV

14-февраль күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирген.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Аба ырайы Чүй менен Таласта 0…5 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2…7 градус нөлдөн жогору болот. Ал эми Ысык-Көлдө күн 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу болушу күтүлүүдө. Нарын аймагында сууктун күчү сакталып, 5…10 градуска чейин жетет.

Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаап, 4…6 градус жылуу болушу божомолдонууда.

Бирок, эртен менен асман ачык, күн жылуу.

Сүрөт:Спутник

 

Количество просмотров: 20