• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

26 миңден ашуун жаран Улуу Британияда сезондук жумушка баруу үчүн арыз берген

9 Бирдин айы 2024 11:42 Бишкек Govori.TV

14,7 миң кыргызстандык Улуу Британияда сезондук жумушка тандоонун биринчи этабынан өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмгек министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды «Hops Labor Ltd» оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөрдү.

Жети сааттык каттоодо 26 миң 170 адам өз арыздарын беришкен, алардын ичинен 14 миң 735 адам оператор тарабынан биринчи тандоо этабынан ийгиликтүү өткөн.

Тандап алуунун биринчи этабы анкетаны толтуруунун тууралыгын, gmail дарегинин болушун жана «HopsLaborLtd» оператору тарабынан аныкталган башка критерийлерди текшерүүнү камтыды.

Тандоонун биринчи этабынан өткөн жарандардын тизмесин сайттан көрсө болот www.migrant.kg.

Количество просмотров: 156