• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

27 жаштагы кардиолог коронавирус илдетинен эмес, өз жанын кыйып каза болгон

16 Теке 202013:58 Бишкек Govori.TV

Улуттук кардиология жана терапия борборунун 27 жаштагы дарыгери өз жанын кыйып каза болгон. Маалыматты саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 27 жаштагы дарыгер коронавирустан каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын ПЧР-анализдеринин баары таза чыккан.

Буга чейин Бишкек шаарында жаш кардиолог коронавирус илдетинен каза болгонун аны жакындары ырастаганын жергиликтүү басылмалар жазып чыккан. Бул тууралуу маркумдун досу Нурсейит Мамыров дагы фейсбуктагы өздүк баракчасына жазган.

Количество просмотров: 2029