• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

28-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

26 Жалган куран 2024 17:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 28-мартта саат 9:00дөн 22:00гө чейин шаардын Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштарына, ошондой эле Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Ичүүчү суу «Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 74