• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

28 жолу соттолгон жаран Чүйдө унааларды тоноп жүргөн 

10 Теке 2023 17:23 Бишкек Govori.TV

Ысык-Атада оор жүк ташуучу унаалардан акчаларды, буюмдарды уурдашкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөр токтоп турган оор жүк ташуучу унаалардын ичинен мүлктү жана акча уурдашкан.

Июль айынын башында Ысык-Ата РИИБге Чүй облусунун 32 жаштагы тургуну 17-июнь күнү саат 15:00 чамасында Новопокровка айылынын жанындагы айланма жолдо Форд үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ичинен 6000 сом акчасын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранып, арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, уурулар BMW-525 үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкен.

6-июлда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 39 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүү тууралуу арыз жазган. 5-июль күнү саат 16:00 чамасында Бишкек-Торугарт айланма жолунун Маевка айылына жакын жерде МАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ичинен уюлдук телефонун уурдаткан.

5-июль күнү райондук милицияга 43 жаштагы жаран кайрылып, саат 16:00 чамасында Хунчи айылына жакын жолдо Мерседес үлгүсүндөгү унаадан 10 миң 500 сомун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Мындан тышкары башка жабырлануучулардан да арыздар келген. Алынган маалыматка караганда, кылмыштуу топтун курамында 10дон ашык адам болгон. Алар унаалардан акчаларды жана мүлктөрдү уурдоо менен алектенип келишкен. Алар ар дайым жеңил унаалар менен жүрүшүп, ар бир жолу ар кандай үлгүдөгү унааларды ижарага алышкан. Алар жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын көңүл коштугунан пайдаланып, ар бир жолу уурулук менен алектенип келишкен. Маалым болгондой, көпчүлүк жүк ташуучулар эшиктерин жаппагандыктан, уурулар унаанын ичине тоскоолдуксуз киришкен.

Кылмышка шектелип кармалгандар:

— 1996-жылы туулган жаран З.Ж., Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Буга чейин 28 жолу соттолгон.

— 1997-жылы туулган жаран Ж.Д., Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну. Буга чейин бир нече жолу соттолгон.

— 2001-жылы туулган жаран Ж.А., Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, мурда соттолгон, бир айга жакын мурда абактан чыккан.

— 2002-жылы туулган жаран Н. уулу А., Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну. Буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Кармалгандардын баары Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, Талас облусунда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Чүй облусунун Жайыл районунда ж.б. аймактарда токтоп турган унаалардын ичинен уурдап жүрүшкөн. Жайыл районунда да милиция кызматкерлери бул кылмыштуу топтун эки эки мүчөсүн кармашкан.

Количество просмотров: 104